
Кыргыз аргымактары калыбына келтирилип, учурда Монголия, Кытай сыяктуу чет өлкөлөргө экспорттолууда.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик балатыга катышып, балдарга белектерди тапшырды.

12 жаштагы Калзат келечекте алып баруучулук кесипти улантып жаңылыктарды алып барган диктор болууну самайт.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекованын депутаттын ишмердүүлүгүн талкуулаганына нааразы.

Кыргызстанда жылына 100гө жакын тасма тартылат.

Бишкек — Ош жолунун боюнда сатылган азыктар унаадан чыккан газга ууланып, адам ден-соолугуна зыяны тиет.

Эржигитов Жогорку Кеңеште биометрикалык паспортторго каршы күч бар экенин белгиледи.

Чалуулардын басымдуу бөлүгү Чүй, Ош облустары менен Бишкек шаарынан аткарылган.

Буга чейин КТРКнын жетекчиси социалдык тармактагы баракчасына гардеробчунун кийим илген жерге таштап кеткен катын жарыялаган. Андан кийин кызматкер иштен алынганы тууралуу маалымат тарап кеткен.

Уларбек Настя жеңесинен үйрөнгөндөрүн акырындык менен үйдөн жасай баштаганын кошумчалады.

Кан борборлору адам өмүрүн сактап калуу үчүн ар дайым донорлорго муктаж.

Манасты жайылтууга арналган окуу курсу эки айга созулат.

Мындан 41 жыл мурун Ачы массивинен 112 гектар кайрак жер тургундарга айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилген.

Россиянын Коргоо министрлигинин Ту-154 үлгүсүндөгү учак кырсыгына байланыштуу Россиянын Ош шаарындагы башкы консулдугунда аза күтүү зыйнаты болду.

Эмдиги жылы Талас, Баткен, Каракол, Балыкчы шаарларында ветеринардык лаборатория курула тургандыгын КРдин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Аширбай Жусупов билдирди.

16 жаштагы актер Азамат Уланов жакында эле Америкага барып кыргыз режиссерлору тарткан "В поисках мамы" аттуу тасмада башкы каармандын образын жаратып келди.

"Асылзат" ырынын сөзү белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго, обону өзүнө таандык. Чыгарма көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап келет.

Ошто мал союучу жайлардан чыккан саркынды суулар жеке турак жайларга кирип кетип жаткан учурлар болуп жатат.

Мас абалында башаламандык уюштургандар көп катталгандыктан, айыл эли көптөн бери бул маселени көтөрүп келишкен.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова аталган мыйзам бир жыл мурун кабыл алынганы менен ага эми гана акча бөлүнгөнүнө нааразы болду.


