
Өлкө башчысы жаңы жылдык куттуктоосун айтып, элге тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Дасторкондогу тамакты даамдуу гана кылып даярдабастан, көз жоосун алгыдай кооз көрсөтүү ар бир кожойкенин максаты. Жашылча-жемиштер боюнча карвинг искусствосу өтө чоң чеберчиликти талап кылат. Ошентсе да сиздердин дасторконго карвингдин жөнөкөй бир нече түрүн сунуштайбыз.

Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Каракол шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюнунун катышуучулары кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Мамлекеттик спорт агенттиги аталган куттуктоо ролигин Youtube каналына жарыялаган.

Баткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп кетип, учурда төрт баласы, жолдошу менен бир бөлмөдө күн кечирип келет.

Кыялдары акырындык менен аткарылып келе жатканын айткан Айдин президенттик балатыга да катышты.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик балатыга катышып, балдарга белек тапшырды.

Дарыгерлер 11 ай аралыгында 26 адамды клиникалык өлүмдөн чыгарып, реанимацияга жаткырган.

Музыканттар кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, атайын музыкалык белек даярдашкан. Алардын башкы максаты — элге позитивдүү маанай тартуулоо.

Жетекчиси Нурлан Исмаиловдун айтымында, бассейн бардык заманбап технология менен жасалгаланып, бардык коопсуздук талаптарга жооп берет.

Ноябрь айынын башында "Троллейбуста бекер жүрүү күнү" акциясын өткөрүү үчүн каражат топтоо жарыяланган болчу. Чогулган каражатка төрт троллейбус ижарага алынды.

Президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Санкт-Пертербугдун аба майданына келип конду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги адаттагыдай эле жума ичинде дүйнөдө болуп өткөн эң маанилүү окуялардын сүрөттөрүн тартуулайт.

Жуковский жаңы аэропортунан "Манас" аба майданына Москва — Бишкек каттамы биринчи ирет 21-декабрда жасалган.

Кол чатыр, өзгөчө терезе жана мурунку ресторандар — архивдик сүрөттөрдү сунуштайбыз.


Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Ош шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык байланыштар 1992-жылы 10-майда түзүлгөн.

Иран Ислам республикасынын президенти Хасан Роухани Кыргызстанга келди. Аны 22-декабрда "Манас" аэропортунан Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды.

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Демек, үйгө балаты коюп, балдарды кубандырчу мезгил. Балатыны кайсы жерден, канча сомго сатып алса болорун билесизби? Sputnik Кыргызстан агенттиги сизге жардам болсун деп төмөндөгү маалыматты чогултту.


