BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

  • Канышай Мамыркулова

    Канышай Мамыркулова камакта: адвокаттардын өтүнүчү оңунан чыгабы?

    Эркин журналист Канышай Мамыркулова бүгүн Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) которулат. Активисттин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын кабарлашты. Бул арада Канышай Мамыркулованын бошотулушун кубаттаган журналисттердин саны 320га жеткени маалым болду.

  • Stambul

    Камак жана колдоо. Стамбул мэрине эмне болду?

    Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун "Жолубуз узун, толкунданып жатабыз, жаштыгыбыз да бар" деген кайрылуусун Республикалык Элдик Партия (CHP) X социалдык баракчасына бөлүшүп, Имамоглуну партиянын "президенттикке талапкери" деп расмий жарыяланды.

  • Карагайлуу капчыгай. Сүрөттүн мите каптаган токойго тиешеси жок

    Эколог: Кыргызстандын түндүгүндө кызыл карагайлуу токойлор жоголуу коркунучунда

    Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы кызыл карагайларды зыянкечтер бүлгүнгө учуратып жатат. Токой кызматы быйыл 600гө чукул ийне жалбырактуу даракты кыйып, өрттөп жок кылууну мерчемдөөдө. Экологдор сырттан ташылып келген көчөттөр, курулуш материалдары жакшы текшерүүдөн өтпөй, алар менен кошо келген зыянкечтер токойлорду байырлап, экосистемага олуттуу доо кетирип жатканын билдиришүүдө.

  • Ливан

    Израил Ливандан аткылоо болгонун айтып, кыйратуучу соккуларды урду

    Израил Ливанга өтө кубаттуу авиасоккуларды урду. Аба чабуулдардын бул сериясы бир нече айдан бери карай биринчи жолу Израилдин аймагына бир нече ракета атылды деген соң башталды. Ноябрда Израил менен "Хезболла" ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан эле. "Хезболла" тобу болсо Израилдин аймагын ракета менен атты деген маалыматты четке кагууда.

  • Имамоглу

    Экрем Имамоглу деген ким?

    2019-жылдан бери Стамбул шаарынын шаар башкармалыгын жетектеп келген Экрем Имамоглу 2025-жылдын 19-мартында "паракорлук" жана "террорчулук" айыптары менен ачылган эки башка тергөөнүн алкагында кармалды. Андан соң аны колдоп чыккан тарапташтарынын нааразылыгынан улам Стамбул толкуду десе болот.

  • Кезинде президент Садыр Жапаров дагы алтынды ички рынокто жүгүртүү маселесине көңүл буруп, жарандарды куймаларды сатып алууга чакырган.

    Кыргызстан зергерлери: көйгөйлөр, жеңилдиктер жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр

    Жакында эле кыргызстандык зергерлер сырттан ташыла турган чийки затка төлөнө турган кошумча нарк салыгынан бошотулду. Салык кызматы мындай жеңилдик зергерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, көмүскөдөгү ишмердикти азайтат деп үмүт артууда.

  • Уйку

    Уйкуну жакшыртып, шалдыроонун алдын алчу беш ыкма

    Түнкү уйкудан кийинки абалыңыз, сергектик сиздин күндүзгү адаттарыңыздан көз каранды. Уйкуңузду жакшыртып, чарчоону азайта турган бир нече пайдалуу кеңешти сунуштайбыз.

  • Теңдик жаңы конушундагы үйлөрдүн бири

    Бишкек четиндеги айланма жолду кеңейтүү иши жана элдин үнү

    Бул сүрөттө Бишкекти айланып өткөн жолдун боюнда жайгашкан турак-жайлардын бузулуп жатканын көрүүгө болот. Буга чейин шаар мэриясы жана Транспорт министрлиги жол тыгынын азайтуу максатында Бишкек шаарын айланып өткөн жолду кеңейтүү иштери башталганын маалымдаган эле.

  • Депутаттар

    Чек ара келишими ратификацияланды. Айжигитовдун мандаты маселеге айланды

    Жогорку Кеңеш чек ара келишимине тиешелүү мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алды. Бул арада депутат Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылышы мүмкүн экени айтылды. Коомчулук арасында эл өкүлү жеке пикири үчүн куугунтукталып жатканын айткандар да жок эмес.

  • Экрем Имамоглу

    Эрдоган менен "эрегишип" келген Экрем Имамоглу кармалды

    Стамбул Башкы прокуратурасы Стамбул шаарынын мэри менен чогуу 100дөн ашык кишини түрдүү айыптар менен кармады. Стамбул шаардык башкармалыгы "Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) кеңсесиндеги акча санап жаткандагы сүрөттөрдөн" улам паракорлукка шектелип. жапырт кармоо чечими кабыл алынды.

  • Трамп менен Путин.

    Путин менен Трамп экинчи ирет телефондон сүйлөштү. Эмнелер тууралуу сөз болду?

    Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери карай Владимир Путин менен экинчи жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Ал шайлоо алдында убада кылганындай Украинадагы согушту токтотуу боюнча өз планын ишке ашыруу аракетин улантууда.

  • Дордой

    Товарларды легалдаштыруу: Ишкерлер үчүн жеңилдикпи же түйшүкпү?

    Кыргызстанда соода-сатык кылгандарга 2025-жылдын 1-апрелине чейин документтери жок товарларын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындай аракет көмүскө сооданы ачыкка чыгарып, бул багытты мыйзамдуу нукка салууга шарт түзөт деп күтүлүүдө. Бул ишкерлер үчүн жеңилдикпи же кошумча түйшүкпү? Соодагерлер эмне дейт?

Редактордун тандоосу

  • BBC

    Би-Би-Си Кыргыз кызматына жетекчи тандоого сынак жарыяланды

    Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сынак жарыяланды. Жумуш орду Лондон шаарында болот.

  • Чек араны тактоо боюнча жолугушуулар (архивден алынган сүрөт)

    Кыргызстан Тажикстан менен кайсы жерлерди алмашат? Ташиевдин баяндамасы

    Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча долбоор каралды. Улуттук Коопсуздук кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев атайын баяндама жасады. Ал чек араны тактоо ишинин мындан аркы процедурасын чечмелеп, өтө талылуу маселе каралып жатат деп белгиледи.

  • Кыйраган үй

    "Бул жерде жашоо бар эле": Орусия кыйраткан Украинанын шаарлары

    2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушту баштаганына үч жыл болду. Украинада согуштан улам талкаланган үйлөрдүн жана имараттардын саны 330 миңге жетти. Орус армиясы басып киргенден кийин толугу менен кыйраган шаарлар тууралуу сүрөттөрдү Би-Би-Си сунуштайт.

  • Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолукту

    Сириядагы таасир талаш: Түркия, АКШ, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн көздөгөнү эмне?

    Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа он үч жылга созулган жарандык согуштан кийин өлкөнү бириктирүүгө күч үрөп жатат. Ал бир эле учурда Түркия жана АКШ өңдүү мамлекеттердин саясий басымына каршы турууга мажбур болууда. Бул өлкөлөрдүн ар биринин Сирияда өз кызыкчылыгы бар.

  • Иллюстрациялык сүрөт

    Жалп өчкөн жаш өмүрлөр: эксгумацияга жеткирген рэкетчилик

    Январдын этегинде Кант шаарында 16 жаштагы бала таяк жеп, өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Бишкекте болсо 8-класстын окуучусу ажатканада сабалып, 4-февралда ооруканада өмүр менен кош айтышты. Мындан аз өтпөй, 12-февралда Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу мушташтан каза болгон. Дагы бир нече бала жабыркаган. Бул сыяктуу ур-токмоктун дагы канчасы көмүскөдө калганын так айтуу кыйын.

  • Мюнхен жыйынынан соң Парижде чукул жыйын өтө турган болду

    Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын "тарыхта кала турган" беш жыйынтыгы

    Дүйнөлүк маалымат каражаттары жана аналитиктер коопсуздук маселелери боюнча жыл сайын өтүүчү Мюнхен глобалдык конференциясынын мүмкүн болгон кесепеттерин талдап жатат.

  • графика

    Украина-Орусия согушу: Киев согушту мындан ары уланта алабы?

    Орусиянын Украинага басып киргенине үч жыл болду. Согушта кайсы бир армия сөзсүз түрдө жеңип чыгат, бирок бул түздөн-түз экономикага көз каранды. Ушул жагынан алып караганда мындан ары Украина жалгыз өзү орустар менен согушту уланта алабы?

  • кире бериши

    Египетте 100 жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу фараондун мүрзөсү табылды

    Египеттик жана британиялык изилдөөчүлөр Египетти 3500 жыл мурун башкарган фараон Тутмос II көрүстөнүн табышты. Негизи археологдор анын аялдарынын биринин кабырын табабыз деп ойлошкон, бирок казуу иштери учурунда фараондун өзүнө таандык жай аныкталды.

  • Military Balance тактаган маалыматка караганда, Орусияда МиГ-31К үлгүсүндөгү 12 истребитель бар

    Украинадагы согуш: Орусия кыргын салчу МиГ-31 менен чабуул жасабай калды. Эмне болушу мүмкүн?

    Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн МиГ-31 истребителдери 28-январдан бери Украинанын аба мейкиндигинде "караанын" көргөзө элек. Январь айында алар дээрлик 20 күндөй украиндердин тынчтыгын бузган жок. 2024-жылы үзгүлтүксүз учуп, чабуул жасап турган Орусиянын кыйратуучу учактарына мындай узак тыныгуу мүнөздүү эмес эле.

  • Украинадагы согушту токтотуу Трамптын чоң убадаларынын бири, бирок ал кантип токтото турганын чечмелеп айткан эмес

    Украинадагы согуш кандай аяктайт? Москва, Киев, АКШнын сценарийи

    Орусиянын Украинага каршы согушундагы кезектеги тагдыр чече турган учур. Кошмо штаттары өз ракеталары менен Орусиянын аймагына атууга Киевге уруксат берген соң Москва жаңы баллистикалык рактасын колдонуп эле тим болбой Европага сокку ура турганын айтып коркутту. Орус армиясы Донбаста чабуулдарын күчөтүп, Курск облусунда болсо түндүккореялык аскерлердин жардамы менен жүрүшүн улантып жаткан маалы.

Кыргызстан

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Дүйнө

Подкасттар

Журнал

Тектеш сайттар

Эң көп окулгандар