1 июн
“Азаттыктын” телеберүүлөрү эми ЭлТР каналынан обого чыгат
«Азаттык» радиосу эми «ЭлТР» телеканалы аркылуу 2016-жылдын 1-июнунан тарта жумасына беш жолу чыга баштайт. Бүгүн кечки саат 20:00дөн 20:30га чейин түз обого Айзада Касымалиеванын "Ыңгайсыз суроолор" талкуусу чыгат. Башка иш күндөрү кечки саат 21:30дан 22:00гө чейин төмөндөгү берүүлөрдү көрө аласыздар:
Дүйшөмбү - «Каректе Евразия» - кеңири чөлкөмдө жана коңшулаш өлкөлөрдөгү кызыктуу окуялар тууралуу тележурнал;
Шейшемби -«Данисте» - биздин аймактык кабарчылардын видеобаяндарынан куралган чыгарылыш;
Бейшемби - «Биз жана дүйнө» - актуалдуу эл аралык темалар, алардын Кыргызстанга ыктымал таасири;
Жума – «Азаттык+» жаштардын теледолбоору.
«Азаттыктын» радиоберүүлөрү мурдагыдай эле Биринчи радио (Коомдук телерадиокорпорациясынын Биринчи радиосу) аркылуу обого чыга берет.
“Азаттык” мындан ары да дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы маанилүү окуяларды маалында кабарлап, кызыктуу долбоорлорду сунуштай бермекчи. http://www.azattyk.org/a/2
вчера 17:35
Чубак ажыга медиага чыгууга тыюу салынды
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов телевидениедеги автордук берүүлөрү чектелгенин айтып чыкты.
Жогору жактан экс-муфтийдин берүүлөрүн көрсөтүп-уктурууга расмий тыюу салынбаганы менен, оозеки көрсөтмө берилгени маалым болду. Өткөн айда жума намаз боюнча чыккан талаш тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага эскертүү берген.
Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев динчилдердин саясатка аралашуусу опурталдуу экенин эскерткен эле.
Кыргыз коомчулугунда таасирлүү дин аалымын жактагандар да, сындагандар да арбын.
Чубак ажы Жалилов айрым жергиликтүү теле жана радиоканалдарда автордук берүүлөрүн түз эфирде алып барып жүргөн. Анда адатта ар кандай темада насаат-баян айтып, байланышка чыккан көрөрман-угармандардын бардык суроолоруна жооп берчү. Такай телефондун "жаагы тынбай", суроо бергендер азайбай, Кыргызстандан эле эмес, четте жүргөн мекендештер да кайрылчу.
Азы
вчера 06:46
Чубак ажы ЖМКдан чыгууга тыюу салынганын билдирди
Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгуусуна тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-июлда Бишкектеги мечиттердин биринде элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты:
- Мындан башка сүйлөй турган жерлердин баары азыр биз үчүн тосук. ЭлТР, Марал FMдеги биздин сабактарыбыз тосулган. Бирок, ушундай жерлерде жолугуштурган үчүн Аллага ыраазычылык айтабыз.
Чубак ажынын автордук берүүсү Марал FMден эки жумадан бери чыкпай калганын жана убактылуу токтотулганын аталган радионун жетекчилигинен ырасташты. УКМК жана президенттик аппарат бул чечим боюнча расмий кабарлай элек.
http://www.azattyk.org/a/27851054.html
9 июл
"Азия балдары": Дзюдочу Айбек уулу Кубанычбек алтын алды
Кыргызстандык дзюдочу Айбек уулу Кубанычбек Якутияда өтүп жаткан "Азия балдары" эл аралык мелдешинде алтын медал тагынды.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысынын милдетин аткаруучу Нурпери Садырбекованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 46 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Айбек уулу 9-июлда финалда азербайжандык Али Садыговду жеңип алды.
Кыргыз балбаны ага чейин Казакстандын, Сибирдин жана Якутиянын дзюдочуларын утуп алтын үчүн таймашка чыккан эле.
Ушуну менен бул мелдеште Кыргызстандын эсебине төрт медаль чогулду.
Буга чейин Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө алтын жана 100 метрге сүзүүдө күмүш байгеге ээ болон.
Эркин күрөшчү Тайырбек Жумашов коло медал тагынды.
Быйыл алтынчы жолу өтүп жаткан "Азия балдары" эл аралык спорттук мелдеши 6-июлда башталган.
Бул оюндар 1996-жылдан бери төрт жылда бир жолу Эл аралык олимпиада комитетинин демилгеси менен өткөрүлүп келе
8 июл
8 июл
02:44
Ат-Башы: балык баккандын түйшүгү түмөн
8 142 просмотра
8 июл
БШК Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыратты
Жыргалбек Саматовду кош жарандыгы бар деген негиз менен 8-июлда Боршайком мүчөлөрү бир добуштан аны депутаттык мандатынан ажыратты. Отурумга катышып отурган 12 мүчөнүн баары макул деп добуш беришти.
Жыргалбек Саматов болсо Кыргызстандын жарандыгынан эч качан чыкпаганын далилдей турганын билдирди. Ал өзүн орус жарандыгын алды деген документтердин жасалма экенин аныктоосун өтүнүп, Татарстандын сотуна кайрылган. Саматовдун айтуусунда, Татарстандын соту бул ишти 14-июлда карайт.
Ошондой эле Саматов БШКнын 8-июлдагы отурумун мыйзамсыз деп, сотко кайрылган. Депутаттын өкүлү Таалайкүл Токтакунованын айтуусунда, бүгүнкү жыйын тууралуу маалымат кеч берилген. Ошондуктан, Боршайкомдун бул аракетин мыйзамсыз деп чечүүсүн өтүнүп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Өкүлдүн айтуусунда, сот бул ишти 9-июлда карамакчы.
Депутаттын өкүлү отурум учурунда БШКнын айрым мүчөлөрүнө ишенбестик билдирип, Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиеваны убактылуу мил
8 июл
Москвада мигрантты алдоо менен "бизнес" кылгандар көбөйүп кетти. http://www.azattyk.org/a/russia_moscow_kyrgyzstan_migrants_/27844607.html
8 июл
“Ала-Тоо” эс алуу комплексинин мыйзамсыз жер ээлеп алганы аныкталды
Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы маалымдагандай, борбор калаанын түштүк тарабынан орун алган “Ала-Тоо” эс алуу комплекси уруксат берилген аймактан тышкары дагы жерлерди ээлеп, ал жактарга да курулуш жүргүзө баштаган. Маалыматта айтылгандай, “Ала-Тоо” эс алуу комплексине 49 жылдык ижарага 1,159 гектар жер берилген. Долбоорго ылайык, бул жерге ден соолук чыңдоочу объекттер менен чогуу кафе-дүкөн курулмак.
“Ала-Тоо” эс алуу комплекси “ДАТЭС” фирмасына таандык. Ал эми бул фирманын ээси Хусаин Ибрагимов. Ага атайын кат жолдонуп, 2016-жылдын 30-июнуна чейин мыйзамсыз курулуштарды токтотуп, аймакты мурунку калыбына келтирүү тууралуу эскертүү берилгенин архитектура башкармалыгы маалымдады.
Архитектура башкармалыгы ошондой эле бул боюнча Мамлекеттик экотехинспекциясына кайрылып, тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.
Бишкек шаардык мэриясы акыркы убактарда мыйзамсыз курулган курулуштарга каршы активдүү иш алып барууда. Жыл
8 июл
Мындан үч жыл мурун Алымбектин жубайы Бегимай үч эм төрөгөндө Бишкек шаарынын ошол кездеги башчысы Иса Өмүркулов алар жашаган батирге келип куттуктап, бир бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырып кеткен.
Төрт кыздуу болгон жаш аялмет үй-бүлө күтүүсүз белекке ыраазы болуп, жалданма батирлерге көчүп-конбой, үйлүү болот экенбиз деп кубанышкан. Бирок ошол убада кылынган батир дагы эле колго тие элек дейт үч эмдин апасы Бегимай: http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_naryn_society/27844568.html
8 июл
ИИМ: Туристтерди тоногондор мурунку милиционерлер
Бул тууралуу Ички иштер министрлигин маалымат катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, майып баласын Ысык-Көлдөгү санаторийлердин биринде дарылатуу үчүн келе жаткан орусиялык туристтерди тоногон эки жаран кармалып, камакка алынды:
-Алар экөө тең милицияда мурда иштеп, кылмыш кылганы үчүн ички иштер органдарынан айдалган. Азыр булар экөө тең ИИМдин убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Орусиялык туристтерди тоногондордун бири 41 жашта, экинчиси 47де. Бири 2-11-жылы чет элдиктерди карактоо фактысына аралашканы үчүн милициядан айдалса, экинчиси жол-транспорттук кылмышка тиешеси бардыгы үчүн ички иштер органдарынан бошотулган. Бакыт Сеитовдун айтуусунда, учурда бул маалыматтар да такталып жатат. Кармалгандардын баш коргоо чарасы 9-июлда сот тарабынан аныкталат. Ага чейин алардын аты-жөнү жана сүрөттөрү жарыяланбайт.
4-июлда Токмок шаарына жакын жерде Орусиянын Волгоград облусунан Ысык-Көлдөгү санаторийлердин бирине ма
загрузка
Показать ещёО компании
- "Азаттык" радиосунун расмий баракчасы. www.azattyk.org (www.azattyk.mobi). Радио "Азаттык", сайт на... читать дальше
- Администратор – Азаттык радиосунун кабарчысы
- Дата создания: 24 апреля 2014
- Город Бишкек (Пишпек, Фрунзе)
- Адрес Бөкөнбаева 177/ Манас проспекти
- Телефон 0312 31-61 63
- Веб-сайт http://www.azattyk.org
Ссылки на группы
423 177 участников |
Ссылка на группу удалена
921 участник |
Ссылка на группу удалена
234 177 участников |
Ссылка на группу удалена
НаверхВниз





